Кыш айларында 3 миңден ашык аз камсыз үй-бүлө отундун ордуна акча алган

19 мая 2023, 12:15

Бишкекте 2022-2023-жылдарга жылуулук берүү мезгилинде  3297 аз камсыз болгон үй-бүлө катуу отундун ордуна акчалай компенсация алышкан. Бул тууралуу Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында өткөн коллегияда айтылды. 

Маалыматка ылайык, 2022-2023-жылдарга карата калкка көмүр сатуу үчүн 8 отун базасы жана 27 стационардык станция ачылган. 

“Алдыдагы жылытуу мезгилине калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн отун базаларына 136,1 миң тонна көмүр жеткирүү, 4025 аз камсыз болгон үй-бүлөгө акчалай компенсация берүү пландаштырылууда”, - деп билдирет Турак жай-коммуналдык чарба департаменти.