ЕАЭБдеги тышкы сооданын 20% Кытай жүргүзөт

28 октября 2020, 11:30

2020-жылдын январь-август айларында ЕАЭБдеги тышкы сооданын 20.1% Кытай жүргүзгөн. Бирок, бул убакыт аралыгында көрсөткүч 6.3% төмөндөгөн, - деп билдиришти ЕЭКтин пленардык жыйынында. 

Кытайдын коммерция боюнча министрдин орун басары Ван Шоувэндин айтымында, Кытайдын ЕАЭБ менен болгон соодасы башка өнөктөш мамлекеттердикиндей төмөндөгөн эмес. Ошол эле учурда ЕАЭБге болгон инвестициянын көлөмү 710 млн долларды түзүп, 7.9% өскөн. 

 

«Кытай ЕАЭБдеги бардык өлкөлөр менен экономикалык кызматташууга даяр. Себеби Кытай рыногунун көлөмү эбегейсиз. Андан сырткары, биргелешкен инвестицияны дагы өнүктүрүп, регионалдык кызматташтыкты бардык тараптан тереңдетүү керек», – деп билдирди Шоувэнь.