Кытай Казакстандан келчү товарларга чектөө киргизди

15 декабря 2020, 16:00

COVID-19 менен ооругандардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу Кытайдын чек ара аймактарында, Казакстандан келүүчү транспорт каражаттарына кошумча чектөөлөрдү киргизүү тууралуу өлкөнүн бийлиги чечим кабыл алды. Бул тууралуу Trans.info порталы билдирди.

 

«Хоргос» жана «Алашанькоу» өткөрүү пунктары аркылуу  азык-түлүк товарларын алып өтүүгө толугу менен тыюу салынды. 

Белгиленгендей, өткөрүү пунктан өтүүчү автоунаалардын чеги 20га чейин төмөндөтүлгөн. Андан сырткары, Кытайдан жүк алуу үчүн бара турган автоунаалар 3 сааттын ичинде өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүсү керек. 

Өз кезегинде Казакстан чек арадагы бул чектөлөр боюнча Кытайга нота жиберген . 

Азыркы учурда бул боюнча Кытай тарап официалдуу түрдө жооп бере элек.