Кытай бийлиги коронавирус менен күрөшүүгө 145 млн $ бөлөт

24 января 2020, 14:02

Кытай Эл Республикасынын финансы министрлиги Хубэй провинциясына короновирус эпидемиясы менен күрөшүүгө 1 млрд юань (145 млн $ жакын) каражат бөлөт. Бул тууралуу ТАСС порталы билдирди. 

Кытайда коронавирус менен жабыркагандардын саны 644 жетти, анын ичинен 18 оор абалда. 

Андан сырткары, Таиландда үч адам, Въетнамда эки, Корея Республикасынада, АКШ, Сингапур жана Японияда бирден адам жабыркаганы катталган.