Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам берди

26 марта 2020, 11:00

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди. 

 Гуманитардык жардамды  КЭР Кызыл-Суу автономдук облусунун губернатору Ван Шин Ганг 25-март күнү,  «Торугарт» өткөрүү пункту аркылуу жиберген. 

Кытай медицина кызматкерлерине 10 миң распиратордук беткап, 100 миң бир түрдүү беткап, 1 миң жеке коргонуучу каражаттарды жөнөткөн. Андан сырткары, КЭР Кыргызстандагы элчилигине 10 миң беткап жиберилген.