Кытайдын жарандарына Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынды

19 февраля 2020, 11:00

20-февралдан тарта Кытайдын жарандарына Орусия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынды. Аталган буйрукка премьер-министр Михаил Мишустин кол койду. Бул тууралуу «Интерфакс» кабарлады.

Тыюу туризм, окуу жана жумушка тиешелүү. Миграциялык кызмат документтерди кабыл алууну токтотту.

«Бул Кытай Эл Республикасында эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна жана Кытай жарандарынын Орусия Федерациясынын аймагына келип жатканы уланып жаткандыгына байланыштуу көрүлгөн чара»-деп түшүндүрүштү өкмөттө.