Кытай Кыргызстандын жарандарына виза берүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөттү

18 декабря 2023, 14:30

Кытай Кыргызстандын жарандарына виза берүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөттү.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, элчилик милдеттүү түрдө алдын ала электрондук каттоодон өтүү талабын жокко чыгарды.

Консулдук бөлүм Кытайга виза алуу үчүн кайрылгандарды белгиленген кабыл алуу күндөрүндө жана сааттарында кезек күтүү тартибинде кабыл алат.

Ошондой эле ишкерлер жана Кытайга иш сапары менен же маданий, илимий иш-чараларга катышууга бара турган адамдар үчүн Кытай тараптан атайын штрих-код менен чакыруу талап кылынбайт.