Кытайда окуу үчүн стипендиялык программага каттоо жүрүүдө

12 февраля 2024, 17:25

Кыргызстандагы Кытайдын элчилиги тарабынан уюштурулган “Кытай кыялын көздөй” аттуу үчүнчү стипендиялык программасына каттоо жүрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Катталуу 8-февралдан 20-февралга чейин жүрүп, тандоодон кийин оозеки сынак өткөрүлөт жана оозеки сынактын убактысы кошумча билдирилет.

Керектелүүчү документтер:

  • Окуган жеринен аныктама (справка), орто мектептин мөөрү басылган баракча (9-11-класстар);
  • Арыздын формасы, тиешелүү сертификаттар (формага тиркелет);
  • Кытайда окуу планы. 

“Кошумча маалымат алуу жана документтерди жиберүү үчүн: тел: +996 550 604 431 (W/A) Бурул, +996550122201 Элмира, b.sakimbaeva@gmail.com”, - деп айтылат маалыматта.