Кытайлык ишкер Сузакка 100 млн доллар инвестиция салат

15 ноября 2023, 12:20

Кытайлык инвестор Сузакта 100 млн долларлык долбоорду ишке ашырат. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү документке район акими Баратбек Сыдыкназаров менен ишкер Ванг Ченгвен кол коюшту.

Каражатка район аймагына курулуш материалдарын чыгаруучу заводдор жана көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландалууда.