Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 25тей документке кол коюлду

18 мая 2023, 17:40

Президент Садыр Жапаровдун Кытайга сапарынын алкагында бүгүн Сиань шаарында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 25тей документке кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки тарап энергетика, экономика, инвестиция, айыл чарба, авиация, билим берүү, маданият, өнөр-жай тармагында меморандумдарга кол коюшту.

Ошондой эле, “China Power International Development Limited” компаниясы менен Ысык-Көл облусунда 1000 мегаваттык күн электр станциясын куруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга жетишилди.

Мындан тышкары, Кытайга электр энергиясын экспорттоо боюнча кызматташуу ниети жөнүндө эки тараптуу макулдашууга кол коюлду.

Эске салсак, ушул күндөру президент мамлекеттик сапар менен Кытайда жүрөт.