Кызамык менен ооруган балдардын саны 6 миңден ашты

20 марта 2024, 11:20

18-мартка карата Кыргызстанда кызамык менен ооруган 6 миң 81 бала катталды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1889 учур, Ош шаарында 372 учур, Ош облусунда 986 учур, Баткен облусунда 152 учур, Чүй облусунда 1383 учур, Жалал-Абад облусунда 1052, Ысык-Көл облусунда 99 учур, Талас облусунда 80, Нарын облусунда 68 учур катталды.

Вирус менен ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек, Чүй жана Жалал-Абад облустарында байкалууда. 

“Оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби балдар жана чоңдор арасында кызамык жана кызамыкка каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуулардын көптүгү бойдон калууда”, - дешет дарыгерлер.