Казакстандагы калыбына келтирүүчү энергетикага 10 жыл ичинде 1.5 млрд $ инвестиция жумшалган

7 апреля 2021, 10:30

2014-жылдан 2020-жылга чейин Казакстандагы калыбына келтирүүчү энергетикага болгон инвестициянын көлөмү 1.5 млрд долларды түздү. Бул тууралуу «Курсив» порталы жазып чыкты.

 

Басылмадан белгилешкендей, сумманын үчтөн эки бөлүгү эл аралык инветорлордон тартылган. Инвесторлордун басымдуу бөлүгү каражаттарды күн жана шамал парктарын курууга жумшашат. Анын 85% - калыбына келтирүүчү энергетиканы, 14% - гидроэнергетиканы жана дээрлик 1% - био отун түзөт. 

Калыбына келтирүүчү энергетиканын жалпы баасынын 30% жеке компаниялардын эсебинен каржыланат. Калган 70% узак мөөнөттүү насыя жана эл аралык каржы институттарынан каржыланат.