2021-жылдын эки айында казакстандыктар Кыргызстанга 51.7 млн доллар которушкан

6 апреля 2021, 13:00

2021-жылдын январь-февраль айларында казакстандыктар Кыргызстанга акча которуу системасы аркылуу 51 млн 789.8 миң доллар (22 млрд теңге) которушкан. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук банкы билдирди. 

 

2020-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу коңшу өлкөдөн которулган каражаттын көлөмү 81.8% же 23.3 млн долларга жогорулаган. 

 

Белгилей кетсек, кыргызстандыктар өз кезегинде ушул эле мезгил аралыгында Казакстанга 12.7 млн доллар которушкан. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 1.6 млн долларга жогору. 

Кошумчалай кетсек, Казакстандан Турцияга, Орусияга көп акча каражат которулат.