Казакстан Кыргызстанга болгон авиакаттамдын санын жогорулатат

25 февраля 2021, 09:50

24-февралдан тарта Казакстан Кыргызстанга болгон Алматы – Бишкек – Алматы авиакаттамынын санын көбөйтөт. Буга чейин жумасына үч рейс болсо, мындан ары беш ирет каттап турмакчы. Мындай чечим Казакстандагы эпидемиологиялык абалдын жакшыра баштаганынан улам кабыл алынды, - деп жазат Nomad.su порталы.

 

Кабыл алынган чечимге ылайык, Өзбекстан жана Украинага уча турчу рейстердин саны дагы көбөйтүлөт.

Андан сырткары, Казакстан Түркстандан Стамбулга каттай турчу эл аралык рейстерди дагы ачууда. Казакстандык «‎Эйр Астана»‎ жана  SCAT авиакомпаниялар үчүн рейс жумасына төрт ирет жүргүзүлүп турмакчы.