Күз-кыш мезгилинде өлкө аймагында 550дөй көмүр саткан база ачылат

13 сентября 2023, 09:40

Алдыдагы күз-кыш мезгилинде өлкө аймагында 550дөй көмүр саткан база ачылат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Чиновник жеке көмүр казган компаниялар ички керектөөчүлөргө бааны жогорулатса өкмөт экспортту жаба турганын эскертти.

"Алар биринчиден бюджеттик мекемелердин жана элдин керектөөсүн жабышы керек", - деди Төрөбаев.