Латвия Бишкекте өтө турган биринчи экономикалык форумга катышат

24 сентября 2021, 13:40

Ишкерлер жана Латвия өкмөтүнүн өкүлдөрү ушул жылдын ноябрь айында Бишкекте өтө турган "Европа Биримдиги - Борбордук Азия" биринчи экономикалык форумуна катышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Латвиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Эдгарс Ринкевичс менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, өз ара визиттерди уюштуруу аркылуу саясий диалогду тереңдетүүгө басым жасашты. Ошондой эле Латвия бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда боло турган форум тууралуу сөз болду.

Соода-экономикалык чөйрөдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүүнүн зарылдыгы белгиленди. Министрлер эки тараптуу укуктук базаны кеңейтүү жана гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча конкреттүү маселелерге да токтолду.