Өлчөнгөн алтын куймалардын наркы дагы эле төмөндөөдө

14 апреля 2022, 12:21

Бүгүн, 14-апрелге карата Улуттук банк тарабынан аффинаждалган алтын куймаларынын унциясын кайра сатып алуу наркы 170 миң 747 сом деп белгиленди. Мындай маалыматтар борбордук банктын сайтында маалымдалды.

Бир күн мурун, 13-апрелде алтындын унциясын кайра сатып алуу баасы 174 миң 355,5 сомду түзүп жаткан. Муну менен бир сутка ичинде бир унция 3608,5 сомго же 43,2 долларга арзандады.

Кошумчалай кетсек, мындан бир ай мурун, 14-мартта бир унций алтындын баасы 213 миң 401,5 сомду түзгөн. Демек, бир айда бир унций 42 654,5 сомго же 511 долларга арзандаган.

Эске салсак, бүгүн Улуттук банктын аффинаждалган алтын куймаларынын бир унциясын 198 миң 548 сомдон сатып алууга болот. Белгиленген баа 30-марттан бери өзгөрүүсүз калды.