Лебединовка айыл өкмөтү 13,4 млн сомго автобустарды сатып алат

25 ноября 2021, 15:17

Лебединовка айыл өкмөтү орто сыйымдуулуктагы жүргүнчүлөрдү ташуучу төрт автобус сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды.

Бул максаттарга жалпысынан 13 миллион 430 миң сом сарптоо пландалууда.

"Автобустар жаңы, 2021-жылдан кечиктирилбестен чыгарылыш керек. Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу - 38 адам, 16 орун. Автобустун наркы бажылык тариздөө жана кампага жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды камтышы керек", — деп айтылат тендердин техникалык документтеринде.