Декабрь айында Бишкекке жүз жыйырма автобус келет – Маматалиев

3 ноября 2022, 11:35

Депутат Марлен Маматалиевге Бишкек мэриясы декабрь айында 120 автобус келет деген кат жолдогон. Бул тууралуу Маматалиев парламент жыйынында билдирди.

Ал бир ай мурун коомдук транспорттун кымбатташы жана шаарга автобустарды сатып алуу маселесин көтөргөнүн эске салды.

“Азыр Министрлер кабинетин дагы 400 автобус боюнча макулдашуу чечими күтүп жатат. Тезирээк колдонууга бергиле, бул автобустар электр энергиясы жана газ менен жүрөт. Бул жол тыгыны жана түтүн маселесин чечет”, - деди ал.