Лейлекте 11 млн сомго суу сактагыч оңдоодон өтөт

13 февраля 2024, 16:10

Лейлектеги Мурас айылындагы суу сактагычка гипсокартон төшөлүп, реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Суу чарба кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, бул суу сактагычты модернизациялоо үчүн 2023-жылы 11 млн  200 сом каралган. Анын аянты 20 миң метр. 

“Бүгүнкү күндө курулуш иштери аяктады, суу сактагыч 1-мартта пайдаланууга берилет”, - дейт Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Базарбай Асанов. 

Эске сала кетсек, 1987-жылы курулган суу сактагыч эскирген: астынан суу агып, натыйжада сугат суу сактагычында көйгөй жаралган.