Лейлекте салык кызматкери мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген

28 февраля 2023, 14:26

Баткен облусунда салык кызматкери кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын карыздарды өндүрүү жана текшерүү бөлүмүнүн Т.Б. аттуу башкы салык инспектору пландуу текшерүү учурунда "Э.О." ЖЧКсынын  өзгөчө ири масштабда өлкөнүн бюджетине түшүүчү салыктарынын көлөмүн азайтууга көмөктөшкөн. 

"Башкы салык инспектор Т.Б. "Э.О." ЖЧКсын текшерүү учурунда Салык кодексинде белгиленген кышкы дизелдик күйүүчү майга (ТНВЭД коду 2710192900) акциздик салыктын ченин эске албай, 1 тоннасына 5000 сомдун ордуна 400 сом көрсөткөн. Натыйжада өлкөнүн бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген", - деп билдирди УКМК.

Учурда материалдык зыяндын орду толтурулган. Ошол эле учурда, бул ишке Салык кызматынын башка кызмат адамдарынын да катыштыгы бар же жок экендиги такталууда. Андан тышкары, "Э.О." ЖЧКсынын өкүлдөрүнүн аракеттерине укуктук баа берилет.

Кармалган кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.