Ленин округунан шайлоого 32 талапкер катышат

8 мая 2023, 09:48

Майда бир мандаттуу Ленин округунан шайлоого 32 талапкер катышат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди. 

Маалыматка ылайык, 32 талапкердин бешөөсү аялдар.

БШКда 6-майда чүчү кулак кармоо аркылуу талапкерлердин бюллетендеги кезеги аныкталды.

Белгилей кетсек, аталган округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда өтөт.

БШК каттагандардын арасында Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Ажыбек Касмалиев, Акин Токталиев, Равшан Жээнбеков, Руслан Бекназаров өңдүү саясатчылар жана коомдук ишмерлер бар.