Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 124 миң добуш берүүчү катталды

22 мая 2023, 15:36

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 124 711 шайлоочу катталган. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, добуш берүү үчүн 51 шайлоо тилкеси уюштурулган. 27-майда, жымжырттык күнү болот. Добуш берүү 28-майда өтөт. Ленин району боюнча депутатты шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо 11-июнга чейин жүрөт.

Эске салсак, 27-мартта Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшыргандан кийин бул орун бош калган. Буга 12-мартка караган түнү Бишкекте "Золотой Дракон" ресторанынын жанында орун алган азыркы экс-эл депутатынын массалык мушташы себеп болгон. Абиров тарабынан катуу сабалган Мамлекеттик тергөө бюросунун кызматкеринин мурдагы депутатка дооматы жок, тараптар элдешти.