Ленин районунда мекемеден сырткары добуш берүү 27-майда өтөт

18 апреля 2023, 09:30

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутатты шайлоодо мекемеден тышкары добуш берүү 27-майда болот. БШКнын маалыматына ылайык, ага чейин бир жума мурун шайлоочулардын тизмеси түзүлүшү керек.

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү укугу ден соолугуна байланыштуу же майыптыгы бар, ошол күнү ооруканада жаткан же кылмышка шектелип убактылуу кармоо жайында жаткан жарандарга берилет.

Бишкектин Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 28-майда өтөт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы 11-июнга чейин чыгарылат.