Автоунаа, суу транспорту жана салмак габаритти көзөмөлдөө агенттиги 2019 - жылы бюджетти 9.5 млн сомго толтурган

13 февраля 2020, 11:50

Автоунаа, суу транспорту жана салмак габаритти көзөмөлдөө агенттиги 2019 - жылы 16.2 миң лицензия берген. Бул тууралуу транспорт министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн 11.5 миң лицензия, эл аралык оор жүктөрдү ташууга 4.4 миң лицензия, юридикалык жактардын ишмердүүлугүнө 296 лицензия берилген. 

2017 - жылдан тарта лицензия жана бланктар электрондук түрдө бериле баштаган.