Бажы кызматынын жетекчилиги алмашты

26 октября 2021, 15:01

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 26-октябрдагы буйругу менен Адилет Кубанычбеков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн Акылбек Жапаров аны Бажы кызматынын жамаатына тааныштырды.

Мындан тышкары, Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басарлары болуп Эрик Ирискулбеков менен Азамат Абдыкалыков дайындалды.

Буга чейин бажы кызматынын төрагасы кызматын аркалап келген Самат Исабеков, анын орун басарлары Кубаныч Шатемиров жана Кыялбек Мукашев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулушту.