«Учкун» басмаканасынан 20 млн сомго «Алиппе» китептери басылып чыкты

21 декабря 2023, 16:45

Кыргыз тилинде окуткан мектептердин 1-классынын окуучулары үчүн “Алиппе” 90 миң 450 нускада басылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Окуу китебин басып чыгарууга республикалык бюджеттен 20 млн 170 миң 350 сом бөлүнгөн.
Ошондой эле, кыргыз тилинде окуткан мектептердин мугалимдери үчүн 721 миң 285 сомго

“Алиппени” окутуу боюнча усулдук колдонмо 3 миң 985 даана басылып чыгарылды.

Мугалимдер үчүн усулдук колдонмо жана “Алиппе” окуу китеби аймактардагы мектептерге таратыла баштады.

Окуу китептери жана окуу куралдары “Учкун” ААК тарабынан чыгарылган.