Өлкөдө 2025-жылга чейин акылдуу эсептегичтер 100% орнотулуп бүтөт

22 сентября 2023, 14:30

Кыргызстанда үйлөргө 2025-жылга чейин акылдуу эсептегичтер 100 пайыз орнотулуп бүтөт. Бул тууралуу "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 25 миңден ашык абонентке прибор орнотулду. Ал эми октябрь айында 40 миң, жылдын аягына чейин 82 миң акылдуу эсептегич коюлат.