Өлкөдө 600 миңге жакын бала ысык тамак менен камсыздалды
Кыргызстанда 600 миңге жакын бала ысык тамак менен камсыздалды, аларды каржылоо республикалык бюджеттен жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева Бишкекте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-ашы боюнча форумунда билдирди.
Анын айтымында, форум КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-аш программаларын натыйжалуу ишке ашыруу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга мүмкүнчүлүк түзгөн мыкты аянтча.
“Улуттук мектеп тамак-аш программасынын негизги максаты – башталгыч класстардын окуучуларын пайдалуу ысык тамактар менен камсыз кылуу. Анткени мектеп тамак-ашы сапаттуу билим алууга өбөлгө түзүп, балдардын окууга болгон дымагын жана натыйжалуулугун жогорулатат ”,- деди министр.