Өлкөдө 93,4 миң үй-бүлө электр энергиясына жеңилдетилген тариф төлөйт
Учурда Кыргызстанда 93,4 миңден ашык үй-бүлө электр энергиясы үчүн жеңилдетилген тариф менен төлөшөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Мындай чара аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүүнүн алкагында кабыл алынган.
Анын ичинде:
- Бишкек шаары – 562 үй-бүлө,
- Ош шаары – 1057 үй-бүлө,
- Чүй облусу – 2302 үй-бүлө,
- Талас облусу – 5155 үй-бүлө,
- Ысык-Көл облусу – 5134 үй-бүлө,
- Нарын облусу – 5550 үй-бүлө,
- Баткен облусу – 12 656 үй-бүлө,
- Ош облусу – 28 695 үй-бүлө,
- Жалал-Абад облусу – 32254 үй-бүлө.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын январь айынан тарта 16 жашка чейинки балдары бар “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн ай сайын 700 кВт саатка чейин электр энергия тарифи 50 тыйынга төмөндөгөн.
“1-майдан тарта электр энергиясына тарифтердин көтөрүлүшү аталган үй-бүлөлөргө таасир этпейт. Алар үчүн тариф жогорулабайт”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.