Өлкөдө керектөө муктаждыктарына алынган насыялардын көлөмү 45%ды түздү
Биринчи кварталда микрокредиттик уюмдар тарабынан берилген насыялардын 45%ы керектөө муктаждыктарына багытталган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, насыялардын 27%дан ашыгы айыл чарба ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган.
Соодага жана коомдук тамактанууга берилген микрокредиттердин салыштырма салмагы 12%га жакындаса, курулушка жумшалган микрокредит 4%ды түзгөн.