Өлкөдө SIM-карталарды каттоонун жаңы эрежелери киргизилет

15 марта 2024, 12:21

26-мартта Кыргызстанда бардык байланыш операторлорунун абоненттерин каттоонун жаңы эрежеси иштей баштайт. 

Эске салсак, 2023-жылдын сентябрында Министрлер кабинети тиешелүү токтомду кабыл алган. 

Ага ылайык, 1-апрелден баштап SIM-картаны сатып алууда абонент мобилдик оператордун тиркемесинде өз атын каттатышы керек (бул үчүн паспорт керек). SIM картаны каттоодон өткөрбөстөн, абонент чектелген кызматтарга гана ээ болот. Кызматтарга толук мүмкүнчүлүктү онлайн каттоодон өткөндөн кийин алууга болот.

Мурда маалымдалгандай, бул чара жеке маалыматтардын коопсуздугу үчүн зарыл, анткени бүгүнкү күндө электрондук капчыктар, банктык тиркемелер, социалдык тармактардагы эсептер жана башкалар абоненттердин сим-карталарына байланышкан.