Өлкөдө жалпы жумушчулардын 4%ы гана 66 миң сомдон ашык маяна алат

21 февраля 2023, 11:35

Кыргызстанда 20 миңге жакын адам, же жалпы жумушчулардын 4% гана 66 миң сомдон ашык эмгек акы алышат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. 

Изилдөөнүн жыйынтыгы, 240 миңден ашуун кызматкерлердин дээрлик жарымы (49%) 22 001 миң сомдон 66 00 миң сомго чейин эмгек акы ала тургандыгын көрсөткөн. 

Ошондой эле, 19 миңден ашуун адам (4%) 6 600 сомго чейинки өлчөмдө эмгек акы ала тургандыгы белгилүү болгон. 

Кошумчалай кетсек, Улуттук статистикалык комитети аталган изилдөөнү 2022-жылдын ноябрь айында жүргүзгөн.