Кыргызстанга 282,5 тонна пестициддер импорттолду
Ушул жылдын 24-мартына карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине, ооруларына жана отоо чөптөрүнө каршы күрөшүү үчүн 282,5 тонна пестициддер ташылып келинген, же камсыздоо 46%ды түзгөн. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинен кабарлашты.
Анын ичинен:
- үрөн ууландыргычтар – 29,9 тонна (камсыздоо 55 %);
- гербициддер – 126,5 тонна (камсыздоо 40 %);
- инсектициддер – 87,4 тонна (камсыздоо 46 %);
- фунгициддер – 38,7 тонна (камсыздоо 69 %) түздү.
Быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине, ооруларына жана отоо чөптөрүнө каршы күрөшүү үчүн жалпы 615,4 тонна өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары (пестициддер) керектелет.
“Анын ичинен үрөн ууландыргычтар – 54 тонна, гербициддер – 313,7 тонна, инсектициддер – 191,8 тонна, фунгициддер – 55,9 тонна”, - деп айтылат маалыматта.