Мамфинкөзөмөл: Ломбарддар 3 айга чейин пайыздарды кошуп эсептөөнү токтотуу керек

8 апреля 2020, 10:20

КР Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында ломбард уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар боюнча бир катар чараларды көрдү.

Ломбард уюмдарына:

  1. Берилген зайымдар боюнча пайыздарды кошуп эсептөөнү 3 айга токтотуп туруу;
  2. Зайым алуучулар менен макулдашуу боюнча мурда берилген зайымдарды реструктуризациялоону жүргүзүү сунуштады;
  3. Көрүлгөн чаралар жөнүндө Финкөзөмөлгө 2020-жылдын 15-апрелине чейин маалыматты жибериши зарыл.

  Белгилей кетсек, аталган чаралар өзгөчө абалдын киргизилгендигине байланыштуу калк үчүн терс экономикалык кесепеттердин деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.