«Сомо» күрөөканасы сүткорлук менен алектенген

1 ноября 2021, 09:16

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын "Сомо" күрөөканасынын ишмердүүлүгүн текшерүүдө көптөгөн мыйзам бузуулар, анын ичинде "Кыргыз Республикасындагы сүткорлук ишмердүүлүктү чектөө жөнүндө" мыйзам бузуулар аныкталган. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Тактап айтканда, "Сомо" кредиттер боюнча жогорку пайыздык ставкаларды белгилөө жана карыздарды өндүрүү боюнча карыз алуучуларга кредит берүүнүн тартибин бузган.

Ошондой эле компаниянын мыйзам бузууларынын арасында: Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматында каттоодон өтпөстөн тейлөө пункттарын ачуу, насыя алуучулардан алынган маалыматтардын купуялуулугун сактабоо, алтынды жана асыл таштарды баалоо үчүн керектүү жабдуулардын жоктугу жана башкалар аныкталган.

Пландан тышкаркы текшерүүнүн жыйынтыгы менен Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматы 11-ноябрга чейин "Сомого" бардык аныкталган мыйзам бузууларды жоюу талаптарын жөнөттү.

Эске салсак, ушул жылдын 12-октябрында Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматы "Сомо" лицензиясын үч айлык мөөнөткө токтоткон.