Лондон биржасы соодасын токтотту

9 сентября 2022, 09:00

Лондон биржасы Елизавета IIнин өлүмү тууралуу маалыматтан кийин жергиликтүү убакыт боюнча 18:35те соодасын токтотту.

Белгилеп кетсек, британдык FTSE 100 индекси сооданы 0,33% жогорулатып, 7262,06 пунктка чейин аяктаган.

Кийинчерээк Лондон биржасы соода бүгүн, 9-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө жанданарын билдирди.

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II 96 жашында каза болгонун Букингем сарайы билдирди. Ал 1952-жылы такка отурган жана быйыл анын башкаруусунун 70 жылдыгын белгиледи - бул өлкөнүн тарыхындагы эң узак маараке.