Май айында кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алышат

16 апреля 2024, 14:45

Май айында кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алышат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги май айындагы дем алыш күндөрүн белгиледи.

Ага ылайык, үч майрам бар: 1-май — Эмгек майрамы, 5-май — Конституция күнү, 9-май — Жеңиш күнү.

Жумасына беш күн иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери үчүн 1-майдан 5-майга чейин чейин эс алуу болот.

Ал эми 2-майдын ордуна жарандар 6-майда ишке чыгат. 3-майдын ордуна 11-май, ишемби жумуш күнү болот.

Ошондой эле, 9-май дем алыш болуп эсептелет.

Кыргызстандын Эмгек кодексине ылайык, майрам күнү дем алыш күндөргө туш келсе, кийинки иш күнү дем алыш болот.