Ушул айда бензиндин баасы 2 сомго кымбатташы күтүлүүдө

4 мая 2023, 12:25

Кыргызстанда ушул айда бензиндин баасы 2 сомго чейин кымбатташы болжолдонууда. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жаз айларында Россиянын мунайды кайра иштеткен заводдору пландык профилактикалык оңдоо иштерин баштагандыктан рынокто мунай азыгы азая түшөт.

Ошондой эле, Россиянын рыногунда мунай азыгынын бензин тобуна болгон дүң баа жыл башынан бери 35 пайызга жогорулаган. 

Ал эми дизель майына болгон баа жыл башынан бери эле жогорку деңгээлде сакталып турат. Буга Россия майды Кытай, Индия, Монголия сыяктуу өлкөлөргө дагы экспорттоп жатканы себеп болууда.