Майнерлер Кыргызстандын бюджетин дагы 2,4 млн сомго толтурушту

31 декабря 2021, 09:23

Ушул жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча майнинг салыгы категориясы боюнча бюджетке 10 млн 151,7 миң сом түшкөн, деп жазды республиканын Каржы министрлиги.

Ошол эле учурда 2021-жылдын январь-октябрь айларында 7 млн ​​761,7 миң сом төлөгөн. Муну менен ноябрь айында майнинг салыгынан бюджетке 2 млн 390 миң сомдон бир аз ашык каражат түшкөн.

Эске сала кетсек, ноябрь айынын соңунда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Садыр Жапаров министрлер кабинетине укук коргоо органдары менен биргеликте майнинг иштетүүчү чарбалардын маселесин тез арада чечүүнү, тактап айтканда, аларды жабууну тапшырган. Чечим Кыргызстан дуушар болуп жаткан электр энергиясынын тартыштыгына байланыштуу.