Майнерлер мамлекеттик казынага 23 млн сомдон ашык акча төгүштү

3 июля 2023, 11:13

Ушул жылдын январь-май айларында кенчилер мамлекеттик бюджетке ишмердүүлүк салык түрүндө 23 млн. 238 миң 900,6 сом төлөштү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Эске салсак, 2022-жылдын ушул эле мезгилинде (январь-май) кен казуу тармагындагы салыкты чогултуу 297%ды түзгөн. Быйыл 2022-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу бюджетке 17 млн. 383 миң 926.9 сомго көп салык түшкөн. Былтыр салыштырылып жаткан мезгилде бюджет казынасына 5 млн. 854 миң 973,7 сом гана салык түшкөн.

Белгилеп кетсек, Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча Кыргызстанда эки гана тоо-кен чарбасы катталган.