Максат Эржанов «Керемет банктан» кетти

22 августа 2023, 17:34

"Керемет Банк" ААК Башкармалыгынын курамында өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Алсак, Максат Эржанов банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу кызматынан бошотулду.

Ал өз каалоосу менен кеткени жана чечим 2023-жылдын 17-августунан тарта күчүнө киргени белгиленген.