Баанын максималдуу өсүшү Баткенде катталды

12 ноября 2021, 14:19

Ушул жылдын январь-сентябрь айларында 2020-жылдын декабрына карата республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү жалпысынан 7,9% түздү, деп айтылат социалдык-экономикалык абал жөнүндө отчетунда.

Мында азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 9,4%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге - 10,3%га, азык-түлүк эмес товарларга - 6,4%га, калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 1,9%га жогорулаган.

Январь айынан октябрга чейин республиканын бардык аймактарында керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалган. Баалардын максималдуу 11,3%га өсүшү Баткен облусунда катталган, бул башка региондорго салыштырмалуу азык-түлүк эмес товарларга баалардын эң көп 15,5%га өсүшү менен шартталган.