Мал уурулук боюнча берене Кылмыш-жаза кодексине кайтарылышы мүмкүн

27 сентября 2023, 14:40

Мал уурулук боюнча берене Кылмыш-жаза кодексине кайтарылышы мүмкүн. Жогорку Кеңештин комитети мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Документ республикада, өзгөчө айыл жеринде мал уурулук менен байланышкан кылмыштардын алдын алуу же азайтуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам кылмыштуу топтун курамында жана уюшкан топ тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө уурулук жасалган учурда күнөөлүү же айыпкердин мүлкүн конфискациялоону карайт.