Кичи жана орто бизнестин өнүгүүсүндөгү негизги тоскоолдуктар аныкталды - Изилдөө

29 ноября 2022, 11:45

Чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү товарды экспорттоодогу негизги кыйынчылыктарды атады. Бул тууралуу “Кыргызстандагы Эл аралык саламаттык-санитардыкты сактоо эрежелеринин абалына жана анын экспорттук потенциалына баа берүү” аттуу изилдөөнүн жыйынтыгы менен тааныштыруу учурунда белгилүү болду.

Белгилей кетсек, изилдөөгө 722 ишкана катышкан.

Алсак, изилдөөдө респонденттердин 18%ы (272 ишкана) негизги кыйынчылыкты насыялардын жогорку пайыздык чен менен берилиши деп көрсөткөн. 

Катышуучулардын 13%ы Кыргызстандын инвестицияга жагымдуулугунун төмөн деңгээлин, 11%ы чек арадагы тоскоолдуктар деп аташкан.

"Респонденттердин 10% квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин айтышса, дагы 10%ы ишкананын каржылык кыйынчылыгы, оор каржылык абалы” деп эсептешет деп белгилейт Кепилдик фонду.

Башка кыйынчылыктар: Кошумча нарк салыгынын кайтарылбашы (7%), атамекендик сертификация системасынын жетишсиз өнүккөндүгү (7%), мамлекеттик колдоонун жетишсиздиги (7%), бажы менен өз ара аракеттенүү көйгөйлөрү (7%), тышкы рыноктор жөнүндө маалыматтын жетишсиздиги (5%). ), ошондой эле каржылык колдоонун инструменттеринин жоктугу (4%) экендиги аныкталган.