2020-ж мамлекеттик бюджет ИДПга 27,5% түзөт, чыгаша – 29%

25 ноября 2019, 12:44

2020-жылдагы жалып мамлекеттик бюджеттин кирешеси – 183,7 млрд сомду же ИДПга 27,5%  түзөт.  Бул тууралуу 2020-жылдагы жарандык бюджетте жазылат. 

Алдын-ала берилген маалыматтар боюнча, 2021-жылга карат өсүү 3 млрд сомду түзүшү күтүлүүдө. 

2020-жылдагы жалпы мамлекеттик чыгаша 193,6 млрд  сомду же ИДПга 29% түзөт. 2021-жылы бул көрсөткүч 1 млрд сомго өсүшү мүмкүн.