Мамэкотехинспекциянын алты аткаминери 2 миң $ пара алып жатккан жеринен кармалышты

13 декабря 2019, 14:07

УКМКнын Убактылуу кармоочу жайына Мамэкотехинспекциянын алты аткаминери киргизилди. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Маалыматка ылайык, Мамэкотехинспекцияда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдөн улам коррупциялык схема аныкталган.

«Мамлекеттик кызматкерлер жеке компаниялардын суроолорун чечүү менен мыйзамсыз акча алууну көздөшкөн. «Коррупция» жана  «Пара алуу» беренесине ылайык, козголгон кылмыш ишине ылайык, жемкорлук схемасын түзгөн фигуранттар аныкталды. Кезектеги мыйзамсыз накталай 2 миң доллар акчаны акча алууда жана аны бөлүштүрүүдө Мамэкотехинспекциянын башчысы А.Т. жана башкы инспектор Б.Б. кармалды. Сотко чейинки териштирүүдө КР УКМК Убактылуу кармоочу жайына 6 мамлекеттик кызматкер киргизилди», —деп билдирет УКМК.