Мамлекеттик ипотеканы алууну каалагандарга 9 млрд сом керектелет

21 января 2021, 16:10

Мамлекеттик ипотекалык компанияда жеңилдетилген негизде ипотека алуу үчүн дээрлик 6 миң жаран кезекте турат. Бул тууралуу брифингде МИКтин өкүлү Элмира Абжапарова билдирди. 

 

 

Анын айтымында, келип түшкөн арыздардын жалпы суммасы 9 млрд сомду түзөт. Бюджетте мынча каражат жок болгондуктан, компания донорлордун жардамы аркылуу каражат издейт. 

Андан сырткары, 2020-жылы Герман өнүктүрүү банкы аркылуу 10 млн евродон 337 млн сом тартылган. Сумма толугу пандемиянын кесепетинен улам которулбай калган. 

«Насыя аз кирешелүү үй-бүлөлөрдү каржылоого жумшалган. Насыялар жаңы турак жай курууга жана алууга багытталган», — деп белгиледи Абжапарова.