«Манас» аба майданы аэродромдун жарактуулук сертификатын алды

2 декабря 2022, 09:15

Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин кызматкерлери "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Жыйындын жүрүшүндө "Манас" аэродромун сертификациялоонун алкагында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы кеңири талкууланды.

Мамлекеттик авиация администрациясынын өкүлдөрү компаниянын кызматкерлерине "Манас" аэродромунун бир жылдык мөөнөткө жарактуулугун тастыктаган сертификатты тапшырышты.

Тараптар "Манас" эл аралык аэропорту тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган ишти мындан ары да күчөтүүнү макулдашышты.