"Манас" аэропорту унаа токтоочу жайдын курулушуна 30 млн сомдон ашык каражат сарптайт

13 июля 2021, 13:00

"Манас" эл аралык аэропорту кызматкерлер үчүн унаа токтотуучу жайларды жана кошумча тиркемелерди курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.

Тендердин жалпы суммасы 30 миллион 650 миң сомду түзөт.

Белгилей кетсек, техникалык тапшырмага ылайык, подряддык топ келишим түзүлгөн күндөн тартып төрт айдын ичинде ишти бүтүрүшү керек.